Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Каракол унаа жолунун 90-чакырымында В.Ю.Иванов аттуу жаран Мицубиси үлгүсүндөгү автоунаасы менен баратып рулда уктап кеткен. Анын кесепетинен даракты сүзүп алган. Куткаруучулар айдоочуну жана 1988-жылы туулган С.А.Титов аттуу жүргүнчүсүн автоунаадан чыгарышкан. Алар "Тез жардам" кызматы аркылуу Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилишкен.
Бул тууралуу 24-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.