Жааган кардан улам Жалал-Абад - Казарман жолунда калгандар үйлөрүнө жеткирилишти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 25-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 23-октябрда түнкү саат 02:00 чамасында Жалал-Абад - Казарман унаа жолунда ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана Шевроле Матиз үлгүсүндөгү жеңил автоунаа жүргүнчүсү менен жааган карга тыгылып, жолдо калышкан. Унааларда жалпысынан 3 жаран болгон. Кечээ, 24-октябрда Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуунун жолдорду жана көпүрөлөрдү тейлөө кызматынан 1 бульдозер жолду тазалап, тургундар Казарман айылына саат 18:30да жеткирилишти. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү, ден соолуктары жакшы.