24-октябрда Түркиянын Анадолу аймагынан Анталия шаарына бара жаткан автобус Кумлужа-Кемер унаа жолунда жол кырсыгына кабылып, 12 адам жаракат алды. Түркиянын маалымат каражаттарынын маалыматына таянсак, алардын бешөөсү кыргыз өлкөсүнүн жарандары. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилип, эки кыргыз жаранынын абалы оор экени айтылды. Алар Анадолу аймагындагы мейманканалардын биринин кызматкерлери болушкан.
Жаракат алган кыргыз жарандары:
Дастан Бектенов, Бекзат Тилек уулу, Нурбек Сүйүналиев, Арслан Кулов жана Бекбол Бактыбек уулу.