Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер үчүн №19-түзөтүү колониясындагы режимдик корпустун оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жакынкы арада №19-колонияга экстремизм жана террорчулук менен айыпталып өмүр бою эркинен ажыраган 100гө чукул кылмышкер которулат, ар бир бөлмөгө 2-4 адамдан жайгаштырылмакчы. "Курулуштар аяктаган соң, №19-колония күчөтүлгөн режимдеги колониядан өзгөчө режимдеги мекемеге айланат. Мындан тышкары учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аталган колониянын штаттык кызматкерлеринин санын көбөйтүү долбоорунун үстүндө иштеп жатат",- деп жазылат маалыматта.