Канадалык жаран "айымды зордуктоого аракет кылган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Ж.Санаят аттуу борбор шаардын тургуну арыз менен кайрылып, шаардагы мейманканалардын биринде аны белгисиз адам зордуктоого аракет кылганын айткан. "Милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө амалдарын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы канадалык жаранды кармашты. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө",- деп кабарлайт милиция.