Ош шаарында көпүрөнүн астынан граната жана колго жасалган бомба табылды. Бул тууралуу Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан 26-октябрда билдиришти.
Маалым болгондой, 22-октябрда Ош ИИБинин кызматкерлери Абдыкадыров атындагы көчөдөгү чоң көпүрөнүн астында жардыруучу зат катылганы боюнча маалымат алышкан. Аталган жайга орган кызматкерлери барышып, РГД-5 гранатасын жана колго жасалган бомба табышкан.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертиза дайындалган. Алынган жардыруучу заттар чечимдин негизинде жок кылынды. Бул жардыруучу затты даярдоого шектелип Чаткал районунун 29 жаштагы Б.М. аттуу тургуну колго түштү. Ал сурак учурунда жардыруучу зат өзүнө тиешелүү экенин моюнуна алып, аны жардыруу үчүн эмес, кайра сатуу үчүн сатып алганын айтты. Ошондой эле ал аталган жардыруучу затты кимден алганын да билдирди. Учурда ыкчам топ кармалган жарандын көрсөтмөсүнүн негизинде жардыруучу затты саткан адамды издеп жатат.