Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

Бүгүн, 26-октябрда Ош облусундагы "Төө-Моюн" чек ара заставасында кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, Өзбекстандын 1990-жылы туулган С.С. аттуу жараны өткөрмө пунктунан сырткары жайда Өзбекстандын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүүгө камынган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Guljamal_2116
2015-10-26 23:13:34
Биздин чек арачылар бекем болушсун.Азыр ойлосом,бизди студент кезде озб.чек арачылары ушунчалык айбан сынары тинтип,откорушчу.Россиянын да чек арасы андай мамиле кылбайт.Казактардын чек арасы да бизди 6 саатта откоргон машина мн,орустар бат эле отуп кетет,а юиз балдарыбыз мн жерде жайылып,жайдын куну ыссык,туалет жок,же отурганга шарт жок аябай кыйналганбыз,начальнигине кирип жалоб кылдык,уккулары да келбейт.машинанын докум.баары бар,так.Биздики да баары так.Корсо аларга акча Берио кк.экен.
0
Guljamal_2116
2015-10-26 23:20:40
Деги эле биз,кыргыздар,жоош момун эл экенбиз.Айтайын дегеним,чек арабыз САК,мыкты,кучтуу болсо,анан мамлекет бекем ,тынч болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан