№50-СИЗОдон качып, он күндөн кийин тирүү кармалган Эдил Абдрахмановду суракка алуу жыйынтыксыз өттү

№50-түзөтүү колониясынан качып 10 күндөн кийин тирүү кармалган Эдил Абдрахманов суракта тергөөчүлөргө маалымат берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, муну менен Абдрахмановду суракка алуу аяктабайт. "Тергөөчүлөр аны менен дагы бир нече ирет жолугушуп, суроолорун беришет. Тергөө амалдары улантылууда",- дешти мекемеден.

Мындан тышкары бүгүн ЖАМКтын имаратынын алдына Абдрахмановдун ата-энеси баласы менен жолугушууга уруксат берүү талабы менен митингге чыкканы белгилүү болду. "Мыйзамга ылайык, тергөө амалдары жүрүп жатканда кылмышка шектүү менен жолукканга тыюу салынат. Аны менен тергөөчүлөр жана дарыгерлер гана сүйлөшө алышат",- деп түшүндүрүштү Жаза аткаруу кызматынан. 

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кетишкен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган.
22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагында Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Ушул эле күнү кечинде Бишкектеги Достук конушунда Алтынбек Итибаев 2 саатка созулган атышуу учурунда ок тийип каза тапкан. 
Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек ЖумановБакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдө каза болушкан.
Ал эми колониядан качып баратканда кармалган Болот Курбанахунов жана Музаффар Уринов учурда абакта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (57)
tursunbaev2004
2015-10-26 23:28:54
АШАнын заманы ото жакшы заман жыргап атабыз онугуп атабыз АШАга каршы чыкпагыла
0
sterva
2015-10-26 23:42:47
tursunbaev2004, коой)),ошондой бекен
-2
Gema
2015-10-26 23:32:37
Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт.
0
dobrajelatel
2015-10-26 23:58:58
Тим эле ондору суук басмачыдан бетер. Булар эркиндикте журсо эчен адамды соолутмак торт сакалды коюп. Чыныгы мусулман булар окшоп кылмыш кылбасын 2 жашар бала да билет.
0
mira28
2015-10-27 00:32:41
dobrajelatel, ооба да кылмышкер болбосо тор алдына тушмок эмес шамал журбосо теректин башы кыймылдабайт.Бирок элди алдап саясатын жургузгондор болсо калын элдин каргышы тиет го.Кантсе да оздору менен кошо куноосуз адамдардын башын жутканы окунучтуу.Оздорунун олгонуно кейибейм себебеи бир кун Батукаевке окшоп качырып жиберишсе эмне кылат элек.
+1
nurjan_92sport
2015-10-27 00:09:51
Бийликтегилердин кьлган иши мьшьк жипти ойноп чубап жаткандай болуп атат сьнарь, чачьшьп калдь чьрмальп оздору чальньп жатьшат
+1
Ayida
2015-10-27 00:20:43
Ондору супсулуу баарынын жузунон корунуп турат жакшы эле адамдар экени.Чындыгында кылмышкерлер болгондо бизди айтып койбосун деп нан сурап отурбай олтуруп же коркутуп маска кийип анан нан телефон баарын алмак керегин.А булар деген андай кылбаган куноосуз эле байкуштарго деймин.Аллах кубо буларга жалаа жапкандар азырынча кутуруп журот киидер болсода.Бир кун олум келет аларгада эч ким тируу калган эмес эзелтеден.Оо дуйнодо анан корот жазасын.Бироого жалаа жабуу жок жерден айыптоо чон куноо.
+3
Gema
2015-10-27 00:26:11
Ayida, туура соз.
+1
kypchak80
2015-10-27 00:41:31
Эмнеси болсо да, куноокорлор жазасын алсан. Бул дуйнодо же наркы дуйнодо..
+1
AFFANCULO
2015-10-27 02:41:49
Баары күлүмсүрөп,жылмайып түшүшкөн го сүрөткө?силерди актерлукка кастингге тандап жатабыз деп күлдүрткөн го)))
+1
aitowa11
2015-10-27 05:50:24

Бул жакта бийликтин атайын акча тологон адамдары бар корунот баареле камменти окусан ой бийлик жакшы менттер туура деп жазаберген темага кайрылсак Айдан ачык корунуп турат заказной 9 Киши качкан алардын 5он 4 гайишник коркпой еле кармап алган каршылык корсоткон емес калган 4бу коопту болуп 1ден атып салды 50дой спез служба адан коро 4гайини алып келгенде тиру карамамак
ал зона мес качыпкеткидей ал жак от кучту кайтарылат чычкан да чыгалбайт сыртан болгон баары иш
0
omuke8993
2015-10-27 06:40:50
аллах бар ал баарын коруп турат бир кун келет баары ачыка чыгат кимдин не иш кылганы аман болсок коро жатаарбыз негизгиси кыргызстаныма аллахым кут береке тушурсун жалан жакшы иштер жакшы жанылыктарлы окуйлу бул жактан
+3
aidartegin
2015-10-27 08:56:49
Бул да болсо саясат!
+1
nur16
2015-10-27 09:13:09
баарын бир учурда суротко тартышыптыр го суроттор кимдер тарбынан тартылган эмнеге
+1
Sake80
2015-10-27 09:13:18
Бешенесинен сылап отурбай сурабайбы каттуурак.Ушу кылмышкерди колдогондорго кыргыз элинин баатыры деген наам берип койгула колунардан келсе.Калп эле биерде кыйкыра бербей.Сыр бар бул жерде деп.Колоконордон шекший бербей.Бийлик олтургусу келсе чыгарбай эле олтуруп коймок уу берип болсо дагы
0
Sandrana
2015-10-27 10:51:28
Мени ТАН калтырганы президентибиз Атамбаев ЭМНЕ учун бул олгон милициялардын жана кылмышкерлердин олуму боюнча соз ачпай жакындарына конулда айтпай,олкобуздо ушундай окуя болду деп бииир ооз соз айткан жок адамдар айтмакчы ар кимди куттуктап эле жакшы киши болуп журот тээ жакта,баш болгон президенттен эмне учун аа деген соз чыкпады???Ушудан билсенда болот кылмышкердин ООЗУ тайсалдап озуну алып качат дечу беле?Мына ушу жерде ойлонбогон адамда,ойлонуп бир нерсе бар деп ойлойтта албетте!!!
+2
fakultet89
2015-10-27 10:57:24
Sandrana, асылбаган ушул АША эле калды эле. Ооз ачуу учун Министр деген бар. АША ал боюнча отчет алып жатпайбы, же сага да отчет бериши керекпи.
Башынан бери ушул кылмышкерлерге эмне мынча жан тартып жатасын? Алардын эмне болуп турмого тушконун окуп кордун беле? Турмодон каза болгондордун бири 4 кишини (2 аял жана 4, 14 жаштардагы кыздарды) мыкаачылык мн олтургон экен. Жакшы адам качан турмого тушчу эле, тем более пожизненный менен. Бир аз ойлонгулачы э
+1
Sandrana
2015-10-27 11:13:24
fakultet89,Эмии ким эмне деп жазссада озунун иши болсо керек дейм,экообуз айтышсак аябай жаман болобуз ошондуктан сизге мындай эле созум мн айтайын,Бакиедин куйругу деген соз барго ошо сынары сенда Атамбайдын куйругу бп корунбогун,ким болуп корунсонда ошол эле адамсын шамал болбосо дарак кыймылдайбы,ошончо ЭЛ сайрап жатат дал мен айткан созду айтып,керек болсо ПИЛда чыгалбайт болчу ал жерден деп, 1 эле мен эмес,кимдир 1лор тарабынан бн учун качып чыгып ушундай окуялар бп жатат,акылы коп...
-1
incognito1
2015-10-27 14:41:47
Мелис Турганбаев молодец! Атыш керек мындай дин бузарларды! Туугандарын кошо жоопкерчилике тартыш керек! Булардын туугандарыны эл алдына кайсы бети менен чыгып жатышат! Вообще уяттары жок! Мынтип озубуз бийлекке колдоо корсотпой, террористтерге жан тартып олтурсак, Сириянын кейпин кийебиз жакын арада! Эсин барда этегинди жый дейт беле. Бийликти куноолой бергенди токтотуп, бир сыр бар дей бербей, барып ошол сырды ачкыла, колунардан келбесе, элибизде тынчтык болсун деп тилегилечи, дооруй бербей!
-3
gordaya
2015-10-28 09:11:58
баарынан да Эдиль олсо болмок, ал накта башы айланган террорист
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан