28-октябрда премьер-министр Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ооганстандагы жер титирөөдөн этникалык кыргыздардын канчалык деңгээлде жабыр тартканын тактоо тапшырмасын берди. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ооганстандагы элчилиги менен биргеликте этникалык кыргыздардын табигый кырсыктан канчалык жабыр тартканын тактап, зарыл болгон жардамды көрсөтүү боюнча сунуш даярдоосу тийиш.
26-октябрь күнү Ооганстандын Гиндукуш аймагында күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун саны 275ге жетти, 300гө чукул жаран жаракат алды. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Чет элдик маалымат каражаттары каза болгондордун 12си мектеп окуучусу экенин жазышууда. Алар Талукан шаарындагы мектепте тебелендиде калып каза болушкан. Ал эми Пакистанда каза болгон жарандардын саны 128ге жетип, жаракат алгандардын саны 1000дей экени айтылууда.
Жер титирөөнүн күчү Индия, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Азербайжан жана Казакстанга да жеткен.
Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту жер титирөөнүн күчү очогунда 9-10 баллга, кыргыз өлкөсүнүн аймагында 3-4 баллга жеткенин кабарлаган.