Ош облусунун Чоң-Алай районунда 26-октябрь күнү болгон жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы үйлөрдө майда жаракалар пайда болду. Бул тууралуу 27-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жекенди айыл аймагынын жарандык коргонуу комиссиясы 5-6 турак жайды жеринде көрүп, жашоого кооптуулугу жок экендигин тактаган. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Бүгүн Чоң-Алай райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзөт.