Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 1966-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылып, анын өлүмүнө шектүү катары күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан 27-октябрда билдиришти.
Маалым болгондой, 17-сентябрда милицияга аталган райондун Ивановка айылынан 27 жаштагы кыз кайрылып, 1966-жылы туулган Д.Е. аттуу апасы 3-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегенин билдирип, издөөгө жардам берүүнү суранган.
Жоголгон кезде күйөөсү Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлерине аялы менен уруша кетип, андан кийин аялы үйдөн чыгып кеткенин айткан. Жакын туугандары милицияга ал аялды 3-сентябрдан кийин көрө электигин билдиришкен.
Милиция Чүй облусундагы, Бишкек шаарындагы ооруканалардан жана өлүк сактоочу жайлардан издеген.
23-октябрь күнү саат 10:30 чамасында Ивановка айылынын батыш тарабынан (арыктын ичинен) бир аялдын жансыз денеси табылган. 27 жаштагы Ф.А. аттуу кыз каза болгон жарандын көйнөктөрүн көрүп, ал аял апасы экенин тааныган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1963-жылы туулган Д.В. аттуу маркумдун күйөөсү кармалды. Ал камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.