Арча-Бешиктеги үйлөрдүн биринен Калашников автоматы табылды. Үйдүн ээси куралды 2005-жылдын март айында тапканын айтты

Бишкекте 48 жаштагы жарандын үйүнөн Калашников автоматы жана ок-дарылары табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери Арча-Бешик жаңы конушунун жергиликтүү тургунунун үйүн тинтүүгө алганда Калашников (АК-74) автоматын, 6 даана ок жана мылтыктын найзасын табышкан. "Үйдүн ээсинин айтымында, ал аталган куралдарды 2005-жылдын март айында үйүнөн алыс эмес жайгашкан талаадан таап, үйдөгүлөрүнө айтпай, чатырына катып койгон. Учурда бул факт боюнча "курал-жарактарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, алып жүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2015-10-27 11:11:58
Ичкенде озу байкабай айтып койдуда.Убагында откоруп берсе болмок экен ыктыйарынар менен алып келип бергиле деп жатканда
0
asdf
2015-10-27 12:30:44
Мындай куралдар 2005 канчасы жоголгонун ким билет ИИМ тактаган жок да ошол учун ар кимдин колунда журот Черныйлар канчасын которуп журот ким билет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан