ЭЛДИК КАБАР: Оштогу көп кабаттуу үйдүн жарым-жартылайы сырдалып, калган бөлүгү "кран жетпей калды" деген шылтоо менен ошол бойдон сырдалбай калды

"Оштогу көп кабаттуу үй жарым-жартылай сырдалып, калган бөлүгү "кран жетпей калды" деген шылтоо менен ошол бойдон сырдалбай калды". Бул тууралуу окурман 27-октябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

Окурман Ош шаарынын күнүн белгилөөгө чейин үйдүн сыртын толугу менен сырдап берүүнү мэриядан суранат. "Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары өз демилгелери менен акча чогултуп, турак жайдын сыртын сырдатуу үчүн Ош мэриясына кайрылып кран алышкан. Ал кран ээси июнь айында "кран жетпей калды" деген шылтоо менен үйдүн сыртын жарым-жартылай сырдап, калган бөлүгүн калтырып койгон. Андан бери 5 ай өтсө да мэрия көңүл бурбай келе жатат. Шаар күнүн белгилөөгө 2 күн калды. Ошондуктан мэрия кран берсе, биз жарым-жартылай кылбай толук бүтүрүп алат элек",- деди ал.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Akshumkar
2015-10-27 10:27:53
Жеп койду да
-2
pirim77
2015-10-27 10:29:49
уйлорду оздору сырдашы керек. баарына эле бийлик кылыш керек деп алма быш оозума туш деп отура бересинерби. биз крышабызды 50 на 50 жаптык. ички суу тутукторун мэрия 70 жашоочулар 30 пайызын толоп ондоттук. сыртын озубуз акча топтоп боедук.
-11
uulbu92
2015-10-27 10:32:45
pirim77, булар деле акча чогултук деп жатат ко болгону кран сураптыр го

+11
Eraly___
2015-10-27 10:34:12
pirim77, жакшылап окусан жанылыкта.
+5
nazi25
2015-10-27 10:35:11
pirim77, өз демилгелери менен деп турат го.Кранды мериядан сурашыптыр.
+4
bolotbek91
2015-10-27 10:53:50
Кран эмес краска жетпей калса керек краска таппай аткандыр байкуш
+1
kelechek.kg
2015-10-27 11:01:52
Иш убактвсы бутуп эртен кылабыз дегенде суротко тартып жонотуп ийгенге окшоп калыптыр
+4
Neizvestno777
2015-10-27 11:09:58
Бул дом качантан бери эле ушинтип турат
+1
stal.ks
2015-10-27 11:21:02
алпинист керек экенда кран жок болсо
+2
karona
2015-10-27 12:26:17
Необычный дом кылып коюптур да, краскалагандарды да тушунуп койсонор
+2
nurchik05
2015-10-27 13:26:57
мутфильм кылып коюптурда
+2
admiral
2015-10-27 15:40:26
Айтмамат К.сыйын барда эле кетип калчы
-2
tursunbaev2004
2015-10-27 15:42:35
бироо сураса ушундай мода деп койгула
+3
alirun
2015-10-27 15:43:36
Байкасанар, мурун дагы ошол жери сырдалган эмес экен, демек ошол тушта жашаган жашоочулар акчасын бербесе керек:)
+5
MIRAN
2015-10-27 17:50:42
Дом бытабы?
+1
Adilet2014
2015-10-28 07:55:02
Масалиев кочосундогу жатаканабы??
0
Merry-RFDV
2015-10-28 21:00:04
Хаха)) Уят эле кыласынар да))
0
AlbertEnshtein
2015-11-02 03:34:46
шаты коюпчыгып экинчи этажына чейин шывап, крышасынан белге жип байлап тушуп ойдосун сырдап, айнектерден чыгып кол созуп болсо дагы бутуруп койбопсунар да урматтуу жашоочулар. жолдун бою экен, уят эле. анагы банер илген рекламный агенстволор деле спонсордук кылып бутурушуп койсо болот. ар ким озу менен озу да, кайдыгер...эх...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан