Бишкекте адам өлтүрүү боюнча шектелип ага-карындаш кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-октябрда 21:30да Биринчи Май райондук милициясына шаардын конуштарынын биринде белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. "Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, азиат улутундагы 40-45 жаштардагы адамдын киши колдуу болгон жансыз денесин жана анын жанынан кандын тактары бар, узундугу 1,5 метр таякты табышкан. Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Лейлек районунун 30 жаштагы Ш.Б. жана 33 жаштагы Ш.И. аттуу тургундары кармалышкан. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө",- деп жазылат маалыматта.
Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына ылайык, каза болгон 39 жаштагы адам Ш.Б. аттуу келин менен 3 ай чогуу жашаган. 25-октябрда алардын ортосунда чыр чыгып, уруша кетишкен. Мушташта аялдын агасы аны катуу ур-токмокко алган.