16 жаштагы кызды Москвага мыйзамсыз алып кетүүгө аракет жасаган Орусиянын жараны кармалды

Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарындагы аэропортто кыргыз жаранын Москвага мыйзамсыз алып кетүүгө аракет жасаган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Ош - Москва каттамын даярдоо учурунда Ош аэропортунун көзөмөл-өткөрүүчү жайындагы чек арачылар 1999-жылы туулган Б. кызы Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын башка бирөөнүн туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү менен алып кетүүгө аракет жасаган адамды кармашты. Ал адам Орусиянын жараны экени аныкталды. Тиешелүү документтер даярдалган соң кармалган адам УКМКнын аймактык кызматкерлерине берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
josholu
2015-10-27 16:02:41
Алдап алып кетип жатса керек да
+1
Rifle
2015-10-27 16:34:46
josholu,Оруссиянын жарандыгын алган кыргыз . озунун бир тааныштарын алып кетип жаткан болушу керек.


Орус келип , кыргыз жаранын алып кетмек беле ?
+13
AlbertEnshtein
2015-10-27 17:16:27
Rifle, ообада. ошол кыздын тууганыдыр. кыздын атанеси жасалма документ менен кызын кошуп берди да иштеп бизди баксын деп. эххх(((
+5
josholu
2015-10-27 17:29:42
Rifle,сиз тушунбой калдыныз акыркы кундору сексуалдык учун жаш кыздарды алдап кетип жатышат
-6
asdf
2015-10-27 17:25:18
Акча десе эле кете беришеби кичине документтерин тууралап алып анан барбайбы озу жаш кыз болсо ата энеси нени карап атат.Кызын жон эле кетире береби кызык
+6
MegamozG_91
2015-10-27 17:40:51
Негизи кыздарды мүмкүн болушунча турмушка узаткыча үйүндө эле жүргөнү жакшы
+5
aidai88
2015-10-28 07:45:11
MegamozG_91, Мени ошентишти))) уйдогулор "турмушка чыкканча эч кайда барбайсын"- деп эн алыс барганым Ош кээде гана Бишкек болбосо эч кайда жибербеди... Убагында капа болгом азыр ыраазымын...
0
bektursun2010
2015-10-28 16:48:25
ар бир еркек уйундогу айымдарды жакшы караш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан