Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун соттук ишин кароо уланат. Мындай чечим 22-октябрда соттук отурумда кабыл алынган. Анда экөөнүн абактагы Нариман Түлеевдин жакындарынан пара талап кылганы боюнча берген көрсөтмөлөрүн тактоочу видео жана аудиоматериалдар каралган. Ошондой эле сотто Коркмазов 100 миң доллар параны алууга чейин Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү жазылган аудио угузулуп, андан кийин 3 томдон турган көрсөтмөлөр жана фактылар каралган.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.