Өзгөн районунда 39 жаштагы жаран балдызынын эки жашар кызын сийип койгону үчүн сабап өлтүрүп салды

Ош облусунун Өзгөн районунда эки жашар наристе токмоктон улам каза болуп калды. Бул тууралуу Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан 28-октябрда билдиришти. 

Маалым болгондой, 27-октябрда Өзгөн райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эки жашар наристе каза болуп калганы боюнча милициянын күзөт бөлүмүнө маалымат түшкөн.  

Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, издөөнүн жыйынтыгында кыздын өлүмүнө шектүү катары Өзгөн районунун 39 жаштагы К.М. аттуу тургунун колго түшүргөн.  

Кармалган жаран сурак учурунда 26-октябрь күнү саат 20:00 чамасында кыз (балдызынын кызы) сийип койгону үчүн аны тарбиялоо максатында шапалак менен жамбашына уруп койгонун айткан. Андан соң кызды ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер кыз денесинен жана башынан жаракат алганын аныкташкан. Алган жаракатынан улам кыз эртеси күнү каза болуп калган. 

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат. 

Ал эми кыздын апасы 1993-жылы туулган Ж.А. аттуу Өзгөн районунун тургуну, атасы 1984-жылы туулган Кара-Суу районунун А.М. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Алар 2015-жылдын март айында ажырашып кетишип, аялы кызы менен эжесинин үйүндө жашап турган. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (55)
Nora
2015-10-29 05:52:32
Tarbiyana raxmat! ushundai ХХХ koboiup baratat, emne kylganda adam adam boidon kalat degen suroogo joop izdep, ech ele joop taba algan jokmun, myna ushundai situaciyada jon gana kanga kan dep koiuu on goo de^p oilop kaldym.
+1
Nasi1981
2015-10-29 09:01:34
Эки буттуу айбан, апандан ушу бойдон торолсон да, сен да сийип, чычып чонойгондурсун. Жакшылык корбо. Бул бечара наристенин атасы алкаш же бир келесо, ошол акмактын айынан тентиреп журот да байкуштар.
+1
admin_portal
2015-10-29 09:32:44
Жалпы эскертүү!
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңуздар.
0
Bekulas
2015-10-29 09:50:55
Бул жерде врачтардын деле куноосу болсо керек, озгондун врачтары такыр кенебес. колуна акча берсен гана шыпылдап карап калышат. Оруулуу адам келгенде, адам эмес алардын козуно акча корунуп калат окшойт. Жаш кыздын олумуно себепчи кылып врачтарды кошо камаш керек.
-1
aytkulova
2015-10-29 11:43:48
Bekulas, реанимацияга жон жай тушпойт да, аябай токмоктогон да тиги акмак. Врачтарда эмне куноо, наристени карабай койбойт да. Колунан келгендин баарын кылышса керек. Мен Озгондун больницасында эле жатып чыккам, мин ирет рахмат айтам мени караган врачтарга. Мен аларга бир омур карызмын.
+1
ediko85
2015-10-29 10:33:03
Бул жерде баарына кунолуу кыздын атасы уйлонгондо ойлонуш керек жашаганга козун жетсе уйлон мынакей уйлондун тороттун ажыраштын кыздын убалы кимге ....
+2
asdf
2015-10-29 11:25:41
Акыркы учурда баардыгыбыз нервный болуп баратабыз акча оокат байлык бийлик деп адамкерчилик ыйман ае сезимдер жоголуп бараткандай
+2
bokidina
2015-10-29 12:38:38
Наристе эмнени тушунмок эле. кундон кунго журок ооруткан окуялар кобойгондон кобоуюдо.
0
dosym
2015-10-29 13:53:01
супер инфо элдин психологиясы чарчап бүттү мындай окуялардан, тайм аут алабыз
+1
aylapa
2015-10-29 14:07:14
Жездесинин уйуно жашаганына караганда барар жери жок байкуш келин окшойт.Эркектерге ынсап берсин кудай.Мындай окуя коп болуп жатат акыркы убакта
0
skanym
2015-10-29 14:39:04
Жаш балдар озун 3 жашарында башкара алат . Ошол жакшыбы сийген болсо жууса кететта ал кудайдын иши беле.Жада калса андан чондор сийип койотко алго 2 жашар екен.
0
Pantherka
2015-10-29 14:42:38
Качаантан бери эркектер сийгени учун тарбия берип калышты эле, же эмне тошок жуушабы?????
0
Sandrana
2015-10-29 14:48:54
Бул жерде сийип койгону учун эле уруп олтургонго чейин барбайт эч кайсы ата-эне,мен ойлоймун апасы ичип алган же психикалык жактан ооруйт же кандайдыр бир себеп максат мн уруп олтурду,кызы буга чейин эмне сийбей журду беле?Бул айтканына кошулбаймын и ишенбеймин!
0
Bekchoro
2015-10-29 14:49:35
Колун сынгыр.
+1
Kunbeken
2015-10-29 15:02:48
((( окунучтуууу балага зар боло турган адам экен
+1
nurperi8981
2015-10-29 16:09:42
жашоо мынча татаалсын? Ыйлап жатам достор! Айткылачы наристеде эмне куноо? Аллахым куч кубат бер ар бир инсанга..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан