Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин экс-директору Дүйшөн Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, Сатыбалдиев 28-октябрда Бишкекте колго түштү. Ага карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзүү” беренелери боюнча айып тагылып, эл аралык издөөгө алынган.