Бишкекте унаа уурдаган жигиттер кармалышты

Бишкекте унаа уурдаган үч жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, алар Бишкектеги үйлөрдүн биринин алдында токтоп турган унааны уурдоого аракет кылып жаткан жеринен Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Алгач унаа ээси үйүнөн чыгып унаасын жаш жигиттер уурдоого аракет кылып жатышканын байкап калып, милицияга кабар берген. Милиция келген учурда ал балдар качып кетүүгө аракет кылып, бирок колго түшүүгө аргасыз болушкан.

Тергөөдө аныкталгандай, 19 жаштан 21 жашка чейинки бул үч жарандын дагы 5 унаанын уурдалышына катыштыгы бар экени аныкталды. Учурда кылмыш иши козголуп, алар Бишкек ШИИББинин убактылуу камоочу жайына киргизилишти. Тергөө иши жүрүп жатат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asdef
2015-10-29 09:44:42
ХХХ
0
potriot.kg
2015-10-29 10:25:09
Ушуларды ХХХ ХХХ ХХХ... бироонун 2жылдап иштеп алган машинасы бир кундр жок болсо кандай окунучтуу
+1
admin_portal
2015-10-29 11:11:35
potriot.kg, asdef - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
karona
2015-10-29 13:15:53
Балдарды мектепти буткондон кийин соссуз турдо чон окуу жайга окутуш керек, же болбосо башка иш менен алек кылып коюш керек, болбосо бекерчиликтин айынан ар кандай кылмышка барып жаткандыгы ачык эле болуп турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан