Кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды

Бүгүн, 29-октябрда таңкы саат 06:56да кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды. ӨКМнын маалымат кызматы Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен жер титирөө очогунда 3 баллга жеткенин кабарлады. Маалым болгондой, жер титирөө Өзбекстандын чек арага жакын Иордан деген айылынан 2-3 чакырым түштүк-чыгышты, Шахимардан айылынан 8 чакырым түштүк-батышты, ал эми Баткен облусундагы Кара-Шоро айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышты көздөй жайгашкан. Кара-Шоро айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жоготуулар катталган жок.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан