Бишкекте “52 жаштагы аялды тоноп кетти” деп шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 28-октябрда милицияга улгайган аял арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 10-октябрь күнү саат 22:30 чамасында борбор калаанын Гагарин менен Репин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун, акчасын жана паспортун уурдап кеткен.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары жумушсуз 20 жаштагы жаран кармалган. Бул факты боюнча "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.