Бишкектин Фрунзе көчөсүндө курулуш аянтчасына бийиктиктен адам кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кечээ, 28-октябрда күндүз "Тез жардам" кызматына жаш жигиттин жабырланганы тууралуу маалымат түшкөн. Фрунзе көчөсүндөгү боулинг борборунун 3-кабатынан куруучу кулап жаракат алганы белгилүү болду. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды жана бул факт боюнча тергөө иштери башталды.