Бишкекте Кубанычбек Рыспаев аттуу жаран "1998-2012-жылдары 13 жалган фирма ачып, салык төлөбөй мыйзамсыз иштеген жана бюджетке ири зыян келтирген" деп айыпталууда. Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, 13 ишкананын мамлекетке келтирген зыяны болжолдуу 400 миллион сом. Ишканалар салык мыйзамдарын одоно бузуу менен көп жылдар бою иштеп, ээси мыйзамсыз киреше алып турганы айтылды.
"Рыспаев өзүнүн юридикалык жактары аркылуу узак мезгилдер бою тийиштүү салыктарды төлөбөй туруп кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча эсеп-фактураларынын бланкаларын жазып берүүнү жана ушул КНС боюнча эсеп-фактураларынын сатып алуучулар деп аталгандар тарабынан сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСти укуксуз чегерүү мүмкүнчүлүгүн бербестен ишке ашырып келген.
Азыркы учурда Салык кызматы Рыспаевдин фирмасы менен кандайдыр бир байланышы бар, жеткирүүлөрдү ишке ашырышкан же товарларды сатып алышкан башка юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди текшерип жатат",- деп айтылат маалыматта.