Ош облусунун 29 жаштагы тургуну тоноого шектелип кармалды

Ош облусунун 29 жаштагы тургуну "3500 сом жана уюлдук телефон уурдады" деп кармалды. Муну бүгүн, 29-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 27 жаштагы Ош облусунун тургуну милицияга кайрылып, 18-октябрда саат 02:00 чамасында Ош шаарында белгисиз адам ага күч колдонуп уюлдук телефонун жана 3500 сомун уурдап кеткенин айткан.

Издөө иштеринин жыйынтыгында Ош ОИИБинин кызматкерлери бул ишке шектүү катары Ош облусунун 29 жаштагы тургунун кармашкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан