Кыргыз-тажик чек арасынан 18 тонна жүктү аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз-тажик чек арасынан 18 тонна жүктү аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан 29-октябрда билдиришкендей, кечээ чек арачылар "Дөбө" өткөрмө жайынан Тажикстандан Кыргыз Республикасынын аймагына 1 миллион 200 миң сомдук жүгү менен бара жаткан жүк ташуучу унааны токтотушкан. Унаада үйдүн чатырына пайдалануучу 18 тонналык курулуш материалдары болгон. Текшерүүдө айдоочунун аталган курулуш материалын ташууга уруксат кагазы жок экени аныкталды. Тиешелүү документтер толтурулуп, айдоочу 18 тонна жүгү менен Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
karona
2015-10-29 12:40:28
Аткезчилик жол менен дегенин кандай тушунсо болот?
+1
Kunbeken
2015-10-29 15:04:34
Кайсыл олконун жараны экен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан