Бишкекте Түштүк магистраль менен Тынчтык кең көчөсүнүн кесилишиндеги "Народный" дүкөнүнүн алдында адамды бычактап кетүү окуясы 2 апта мурун болгон. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кийинки күнү кармап, убактылуу кармоочу жайга отургузушкан. "Жабырлануучунун абалы жакшы. "Тез жардам" кызматы ага биринчи жардам көрсөткөн. Бычак ички органдарга тийген эмес, ошондуктан ал жеңил жаракат алган",- дешти мекемеден.
Айта кетсек, бүгүн жергиликтүү басылмалар аталган жерде түнкү маалда белгисиз эки адам дүкөндүн кардарын бычактап кетишкенин маалымдашкан.