"Таксистти сабады" делген жигиттин милиция кызматкерине кол салганы үчүн кылмыш иши козголуп, таксисттин арызы боюнча козголо элек. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн түнү такси кызматынын айдоочусу мас адамдар тарабынан ур-токмокко алынгандыгы тууралуу укук коргоо кызматкерлерине айтып, жардам сурап кайрылган.
"Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Т.Э. жана 1985-жылы туулган Т.У. аттуу жигиттерди кармашкан. Кармалгандардын бири милиция бөлүмүндө кызматкерлерге каршылык көрсөтүп, жыйынтыгында бир милиционер жаракат алган",- деп жазылат маалыматта.
Бул факт боюнча "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Ал эми ур-токмокко алынган таксисттин арызы милициянын кароосунда.