Бишкектеги үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 30-октябрда билдиришкендей, 29-октябрь күнү саат 17:05те ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Свердлов районундагы Школьная көчөсүнүн кесилишиндеги №34-үйдүн эшигин ачышып, үйдүн ичинен аял кишинин жансыз денесин чыгарышкан. Куткаруучулар аялдын жансыз денесин Свердлов РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.