Милиция: "Түндө Бишкекте студенттердин ортосунда массалык мушташ болгон эмес"

29-октябрдан 30-октябрга караган түнү Бишкекте студенттердин ортосунда массалык мушташ орун алган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан кабарлашты. "Саат 23:00 чамасында борбор калаадагы Малдыбаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде 50 чакты студент чогулуп, сүйлөшүү жүргүзүшкөн, бирок мушташка жеткен эмес",- дешти мекемеден.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал жерге Дене тарбия жана спорт академиясынын жана Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КГУСТА) студенттери чогулушкан. Айрымдары таяк көтөрүп келишкени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан