Москвада кош бойлуу кыргыз айымды зордуктаган полиция кызматкери 6 жылга эркинен ажыратылды

Москвада кош бойлуу кыргыз айымды зордуктаган полиция кызматкери Валерий Говоровду Чертанов райондук соту 6 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Орусиянын Башкы прокуратурасынын расмий сайты жарыялады.

Маалыматка караганда, сот В.Говоровду "жыныстык катнашка мажбурлоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "тоноочулук", "зордуктоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Эске салсак, өткөн жылы 4-ноябрь күнү мекендешибиз укук коргоо органдарына кайрылып, зордуктоо фактысы тууралуу кабарлаган. Ал "Улица академика Янгеля" станциясында метродогу полициянын улук сержанты Валерий Говоров жабырлануучуну миграциялык мыйзамды бузганга шектүү катары суракка алганын айткан.

Полиция кызматкери административдик протокол түзүү үчүн бөлмөгө алып барып, жыныстык катнашка өтүүгө аракет кылган. Мындан сырткары айымдын 800 рубль акчасын тартып алган.
Жабырлануучу Гүлмира Х. окуя болгон учурда 4 айлык кош бойлуу экени белгилүү болгон. Орусиялык ММКлардын бирине берген маегинде Гүлмира Х. бул боюнча: "Биз полициянын бөлмөсүнө барганда ал жерде дагы бир адам бар эле. Экөө бир нерсени сүйлөшүп, ал чыгып кетти. Полиция кызматкери мага тийише баштады. Кийимимди чечкенге буйрук берип, зордуктады. Кыйкырайын дегем, бирок ал депортацияланасың деп коркутту. Ыйлап жумушка келип, кылмыш жөнүндө полицияга билдирдим. Ал мени 30-октябрда да токтотуп, документтеримди текшерген. Анда 6 миң рубль акчамды алып алган",-деген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
ulik-89
2015-10-30 10:56:58
ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-10-30 11:06:20
ulik-89 - 5 күнгө БАН!
Коомдук этикага туура келбеген, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
tuigan.
2015-10-30 10:58:40
Шумшук орус кош бойлуу айымга кантип колун барды
+7
Rifle
2015-10-30 14:17:13
tuigan.,кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу
+2
Akil8484
2015-10-30 10:59:31
ХХХ ХХХ ХХХ... болду да
0
admin_portal
2015-10-30 11:04:58
Akil8484 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
0
aruuzat88
2015-10-30 10:59:31
Алты жыл өтө аз,зордуктасамда эч нерсе кыла албайт,кимге барып айтмак деди да.
+5
terminator
2015-10-31 20:15:20
aruuzat88,Туура айтасын эчкимге айтпай коркуп журуп ушул иштер болуп жатат.Россияда копчулугу озунун правасын билишпей жана билгенге кызыгышпайт окунучтуу
+1
aya88
2015-10-30 11:08:21
Молодцы, хоть в Росиии закон работает и насильик получил что заслуживает. Не то что у нас.
+21
Ledi89
2015-10-30 11:12:58
Жакшы убагында айтып,далилдерди келтириптир. 6 жыл аз болсода оз жазасын алат, камакта 6жылда тарбиялап коюшат. Коргон элем видеосун.
+12
Kgstar96
2015-10-30 12:05:46
Бул не дегени 6жыл мындай ишке олум жазасыда азго деп ойлойм
+2
bekmyrza58
2015-10-30 12:24:06
Alty jylga da yraazy bololu. Any da berbei koiso kolubuzdan emne kelmek!?
+3
Abdyrashit.Satylganov
2015-10-30 12:29:12
Орусияда аз болсо да мыйзам иштейт экен. Бизде болгондо аялды күнөөлүү кылып актап салмак.
+5
eldar87
2015-10-30 12:50:04
Abdyrashit туура айтасын бизде аялды сойку озу тийишип шантаж кылды деп камап салмак, даже уч куч кызматкери зордуктап деле журот го эркиндикте
+5
Truelensk
2015-10-30 13:10:06
Бул эми арыз менен кайрылганы да дагы канчасы журот кор болуп Кыргызстан турганда россияга эмне бар.
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-10-30 13:52:14
Truelensk, эмне бар дегени эмнеси?
Кыргызстандан тажагандан эч ким жүргөн жок Россияда...
+3
orhidea
2015-10-30 22:58:59
Truelensk, Кыргызстандан жыргаган учун кетип жатыптырбы адамдар, жумуш жок, айлык менен жашай албай жатканы учун кетип жатышат. Кыргызстанда коррупционерлер менен бизнесмендер эле жакшы жашабаса айлык ичкен жегенден ашпайт.
+1
Nasi1981
2015-10-30 13:32:08
Алты жыл аз дейбиз, жакшы орустарда закон бар экен, алты жылга эркинен ажыратыптыр, бизде наристелерди зордуктаган( моюну узулуп олгурлор) да журбойбу эркиндикте, акчаны толоп коюп.
+2
jake91
2015-10-30 13:56:55
Ее тугандар ошол. 6 жылды да бериптир 6 жылдын 1 еле жылын отурсун ичкериде анан зордуктаган кандай болорун тушунуп жететко дейм.
+1
bema_bema
2015-10-30 18:09:49
Рассияда кичине болсо дагы закон бар,а биздечи уч сот бала Калия деген аялды оозуна сийип зордуктаса дагы эркиндикте журушот.Кыргызстанда баары акча менен бутот.
+1
kalysbek.89
2015-10-30 18:26:36
Азыр таза документи балдарды департ кылып жатат кыргыздарды президент руксат бериптир биздики
+1
umar12
2015-11-04 10:17:30
А бизде болгондо 6-ай отурмак эмес... Ал жакта закон иштейт да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан