Арча-Бешикте жашаган аял 15 грамм гашиш менен кармалды

Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургуну 15 грамм гашиш менен колго түштү. Мындай маалыматты бүгүн, 30-октябрда шаардык милициянын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, ыкчам маалыматтын негизинде Ленин РИИБинин кызматкерлери Арча-Бешик конушунда жашаган аялды кармашкан. Аны текшерүүдө колунан 15 грамм гашиш табылды.
Ошондой эле ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Ак-Ордо конушунун жашоочусунун унаасынан 152,7 грамм гашиш табылган. Кармалган жарандар тергөө бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sagyn01
2015-10-30 16:30:04
Тема крутой коюлуптурго кармалып калды деп, тилеке каршы кармалып калды деп койсонор анданда кызык болмок)))
+3
bolotbai3
2015-10-30 16:43:25
Ох бечера,эптеп откоруп же колдонуп жибербептир да.Кантип кармалып калды экен?
+1
bi_sity
2015-10-30 21:07:37
Сатып кеткенгоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан