Бишкектин тургуну анча тааныш эмес адамга ишенип, музыкалык жабдууларын уурдатып жиберди

Бишкектин тургуну анча тааныш эмес адамга ишенип, музыкалык жабдууларын уурдатып жиберди. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына арыз менен Бишкектин тургуну кайрылган. Анын айтымында, Жаннат аттуу чала тааныш жигит ушул жылдын июль айында ишеничке кирип, ар кандай шылтоо менен жалпы суммасы 6 миң сомго бааланган музыкалык жабдууларын алып кеткен.
"Мындан тышкары ал жабырлануучунун телефон чалууларына жооп бербей, качып жүргөн. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында ыкчам кызматкерлер бул факт боюнча кылмышка шектүү катары бишкектик 26 жаштагы жаранды кармашты. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akzuura
2015-10-30 16:24:30
Эркек болуп качканың эмнеси?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан