Абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн миллион сом сыйлыктын берилер-берилбеси дүйшөмбү күнү белгилүү болору айтылды

№50-түзөтүү колониясынан качкан кылмышкерлер боюнча маалымат үчүн Ички иштер министрлиги тарабынан 1 миллион сом сыйлыктын берилер-берилбеси азырынча белгисиз бойдон калууда.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов бул маселе боюнча толук маалыматты SUPER.KG порталына дүйшөмбү күнү 2-ноябрда берерин убадалады. "Аталган сыйлыкты тапшырууну ИИМдин атайын комиссиясы чечет",- деди Сейитов.

Айта кетсек, 28-октябрда маалымат жыйынында тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун атасы Алимжан Абдрахманов уулун милицияга өзү карматканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
nur-patriot
2015-10-30 17:30:07
эң негизгиси кармалды төртөө тең. Миллион сомду беришеби, беришпейби мага лична барыбир. Бирок кийинки жолу мындай окуя кайталанса эл ишенбей калыышы мүмкун
+4
tursunmurat1991www
2015-10-30 17:33:22
Эркек бир сөзүндө тууру керек
+4
bolotbai3
2015-10-30 18:00:03
Элди алдабай берип койгула да,эми берилет берилбейт дебей.Эркекче болгула да,аялчасынан суйлобой.
+4
bolotbai3
2015-10-30 18:01:32
Жок дегенде элге бербесенер да Эдил Абдрахмановдун атасына конулдон чыгарып берип койсо болот.
+4
EdikoKG
2015-10-30 18:06:04
ИИМ министирлиги - бийликтин жоон бутактарынын бири. Ушундай чон даражада болуп туруп,создоруно жооп бере албаса,анда буткон экен.
+2
Truelensk
2015-10-30 18:46:06
Кантип бербей койуштун амалын ойлонот да дуйшомбуго чейин.
+2
Shat.88
2015-10-30 18:51:12
Апей не дейт,неге белгисиз,
+1
oroskulov1988
2015-10-30 19:41:30
бербейт
0
beka1207
2015-10-30 20:44:14
Уят!!!эшек ылайдан оттубу?
Укурукту узун таштагыла,кылмышкерди издоо ушуну менен токтоп калбайт,элден жардамды кийин дагы сурашка туура келет,паланча сом беребиз деп,ошондо эл ишенбей калат!
+1
MIRAN
2015-10-30 21:32:43
300 мин бербей калыштыгооо
0
anara2015
2015-10-30 22:11:43
Милициялар элдин коопсуздугу учун кылмышкерлерди издеп табышты ал эми эл оздорунун коопсуздугу учун издоого жардам беришти.бул учун акча бериштин кереги жок акча табылат иштесе
+1
Kara-kulzha
2015-10-31 00:05:53
Бул сыйлык кылмышкердин атасына берилеби? же берилбейби деген маселени чечишет бекен? же жалпы эле кылмышкерлер жонундо маалымат айткан адаидаргабы?
0
jass00
2015-10-31 00:30:19
Байкуш атасын коруп журогум ооруйт,элдин алдында кантип басып журот ,карапайым,жонокой эле киши экен, улуу урматтуу президент,туура чечим кабыл алып атасына бериниз сыйлыкты,миллионду,атасы айттыго баласын,байкуш ата энеси канча санаа тартты бул акмак баланы деп, бергиле атасына акчаны.
+1
sabyr86
2015-10-31 14:56:32
Кылмышкердин атасына берилиш керек эмес.
0
KG_barsbek
2015-11-01 11:55:32
Мамлекеттин органдарда орток пикир жана профессианалдуулук жок, анткени биринчи кылмышкерди кармаганда, бирөө телефон чалганда ГКНБ бизге эмес ИИМге чалган экен ошон үчүн берилбейт деген. Бул эмне мамлекеттик орган эмеспи? Бул үчүн мамлекеттин атынан берилиши керек! эмне өлкө жеке менчик болуп калганбы? Ал эми андан кийинкилерге деле берилген жок окшойт, эч кандай маалымат булактары жазып чыккан жок, ал эми кылмышкердин туугандарына берилбеши керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан