* Мындан 230 жыл мурун, 1785-жылы XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине бөтөнчө кеңири белгилүү болгон нускоочу, ойчул акын Калыгул Ысык-Көлдүн күнгөйүнүн Кара-Ой деген жеринде Бай аттуу оокаттуу, төрт түлүгү түгөл адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Атасынан калган оокатка ээ болуп, ал өмүрү өткүчө эч нерседен кор болгон эмес.
Калыгул - бизге белгилүү кыргыздын сөз устаттарынын бири. Ал эр жеткен кезинен эле элге тамсилчи, акын катары тааныла баштайт. Көпчүлүк акындардай комуз күүлөп, үн кошуп ырдабастан, алдына келген адамдарга макалдатып айтып берген. Ал төрөлүктүн каадасын сактап, эл жыйналган жерде ырдачу эмес. Калыгулдун ырларында акыр заман идеясы көбүрөөк орун ээлесе да, санат, насыят, терме, адамдын жүрүш-турушун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган саптары да арбын. Тоголок Молдо, Сагымбай, Шапак, Ыбырай, Абдыкалык өңдүү көрүнүктүү карыя акын, өнөрпоздордун айтымына караганда, Калыгул кыраакы, көрөгөч, даанышман катары таанылган адам болгон.
Улуу акын 1855-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу деген жеринде 70 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал өлөрүнөн бир күн мурун алыска жол тартып баратып Чолпон-Атага кире бериш жердеги жолдун жээгин көрсөтүп, "менин сөөгүмдү ушул жерге койгула" деген керээзин айткан экен. Ошонун эртеси Байсоорунда жол үстүндө каза табат. Керээз боюнча сөөк Кара-Ойго коюлган.
* Мындан 90 жыл мурун, 1925-жылы коомдук жана саясий ишмер, кыргыз жеринен чыккан советтик аскер башчы Михаил Фрунзе 40 жашында операция учурунда каза тапкан.
Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылы Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө туулган.1896-жылы 7 жашында Верныйдагы эркектер гимназиясына тапшырып, аны алтын медаль менен аяктаган. 1904-жылы Петербурдагы Политехникалык институттун экономикалык факультетинде окуп жүрүп революциялык иштерге аралашкан. Бир нече жолу революциялык иштери үчүн камакка алынган. Октябрь революциясынан кийин жарандык согуш мезгилинде Чыгыш фронтун, Түркстан, Түштүк фронтторун жетектеген. 1924-жылы СССРдин аскер жана деңиз министри болуп дайындалган. Анын атын борбор шаарыбыз 1926-жылдан 1991-жылга чейин алып жүргөн.
* Мындан 31 жыл мурун, 1984-жылы индиялык саясий ишмер Индира Гандини 66 жашында Нью-Делиде өзүнүн жан сакчысы атып өлтүргөн. Индира Ганди 1917-жылы 19-ноябрда төрөлгөн. Ал Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлал Нерунун жалгыз кызы болгон. Алардын үй-бүлөсү Индиядагы жогорку каста болгон брахмандарга кирген. Атасы Индия элинин эркиндиги үчүн күрөшүп, элинин арасында Махатма Гандинин ишин улантуучу катары таанылган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы БУУ Жер жүзүндөгү адамдардын саны 7 миллиардга жеткенин жарыялаган. БУУнун маалыматы боюнча, Жердин 7-миллиардынчы жашоочусу филиппиндик Даница Мей Камачо аттуу кыз болгон. Уюмдун кызматкерлери төрөт үйүнө торт менен барып, Даницанын ата-энесин жана ымыркайды куттукташып, уюмдун өкүлдөрү бактылуу ымыркайга келечекте ЖОЖдо билим алышы үчүн атайын стипендия жана грант тапшырышкан.
31-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.