Жылнаама, 1-ноябрь: Мындан 47 жыл мурун "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" Гүлнур Сатылганова төрөлгөн

* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы ырчы Гүлнур Сатылганова Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарында туулган. Мектепти 1985-жылы Токтогулдан аяктап, ал эми 1987-жылы Искусство институтунун хор-дирижёрлук бөлүмүн бүтүргөн. Алгач "Жетиген" ансамблинде, андан соң "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген.

Ырчы "Сагыныч", "Сүйөмүн моокум канбастан", "Кызыл өрүк", "Кызгалдак гүлүм", "Туулган жерди сагынуу", "Булуттар", "Ыр десте" аттуу ырлар менен атактуулукка жетишкен.

Гүлнур Сатылганова "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдарынын ээси, "Ариет" уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.

* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы улуту кумык болсо да, кыргыз туусун дүйнөлүк ири мелдештерде даңазалап жүргөн кикбоксчу Али Порсуков өлтүрүлгөн. Ошол каргашалуу окуя Бишкекте Али машыгуудан кийин достору менен жолугушууга баратканда болгон. Аны алдын ала күтүп турган жалданма киши өлтүргүч 3 ирет ок атып, изин жашырып кеткен. Ошол учурда спортчу жалгыз болуп калган. Каргашаны угуп жетип келген клубдаштары аны дароо Республикалык ооруканага жеткиришкен, бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес. 3 октун бири спортчунун дал башына тийген.

Спорттон кетүүнү ойлоп жүргөн Порсуковдун Дагестандан Бишкекке келгенине 3 эле күн болгон. Окуядан кийин Алинин кылмыштык топтордун ортосундагы териштирүүдө курмандык болуп калгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы индиялык модель, актриса Айшвария Рай Индиянын Мангалор шаарында төрөлгөн. Болочок киножылдыз өспүрүм кезинде эле сулуулугу менен көпчүлүктүн назарын бурдуруп келген. Окуучу кезинде Айшвария врач болууну тилек кылчу. Ата-энесинин каалоосу менен ал Бомбейдеги колледждин архитектура бөлүмүнө тапшырат. Окуусу менен кошо башка тилдерди өздөштүрүүгө аракет кылып, чоң кызыгуунун аркасында беш тилди үйрөнүүгө жетишкен. Айшвария 21 жашында, тагыраак айтканда, 1994-жылы “Индия сулуусу” сынагынын жеңүү­чүсү болуп, ошол эле жылы “Дүйнөлүк сулуу” наамына ээ болгон. 1997-жылы Айшвария алгачкы жолу “Ирувар” тасмасына тартылган.

* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы түркиялык актриса, модель Сельма Эргеч Германиянын Хамм шаарында дарыгерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы түрк, апасы немис кызы. Ата-энеси дарыгер болгондуктан, медициналык факультетке тапшырып, бейтапканада стажёр болуп да иштеген. Ал Түркиянын тарыхында өчпөс из калтырган Осмон империясынын улуу башкаруучусу Сулайман тууралуу тартылган “Даңазалуу кылым” аттуу тарыхый сериалда Хатиже султандын ролун жаратып атактуулукка жеткен.

1-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
edu.kg.
2015-10-31 19:47:18
Гулнур эжэнин туулган куну менен куттуктайбыз!
+3
Kadyrbek09.10.2015
2015-11-01 00:18:16
Бул үч айымды тең куттуктайбыз
+2
Izdeim_seni.
2015-11-01 11:13:50
Синдиси венера сатылганова 47 дего
+1
admin_portal
2015-11-02 16:34:27
Izdeim_seni., саламатсызбы!
Венера Сатылганова 1971-жылы туулган.
http://www.super.kg/article/show/23713
0
student-95
2015-11-01 11:38:23
куттуктайбыз
+1
kama_future_millioner
2015-11-01 11:39:08
Гүлнур эже туулган күнүңүз мн
+1
Miraida2012
2015-11-01 13:26:29
Гулнур туулган кунун кут болсун омурун узун келечегин кен уулундун суйкумдуу апасы болуп журо бер сен ырдап жатканда унунду танкы сайраган булбулдун унуно окшоштурам чыгармачылыгына чоон ийгилик каалаймын
+1
limuna
2015-11-01 20:46:53
Эн кызыгы Гулнур Эже кечинде тушумо кирибтир:) туулган кунунуз менен эжеке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан