Бүгүн, 30-октябрь күнү саат 19:50 чамасында Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө Степвагон жана Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаалардын (үч унаанын) ортосунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлаган окурмандын айтымында, Пассат унаасынын биринин ичиндегилер милиция кызматкерлери болушкан. "Степвагон унаасынын айдоочусу ал жерге келген МАИ кызматкерлерине кырсыктын себебин түшүндүрүп берди. Анын билдиришинче, ичинде милиция кызматкерлери отурган унаа алдында бара жаткан унааны катуу ылдамдыкта келип артынан сүзгөн. Андан кийин экинчи унаа жолунан чыгып кетип, Степвагон менен сүзүшкөн. Кырсыкка себепкер болгон милиция кызматкерлери мас абалда болушкан. Алар унаанын номурун чыгарып алып качып кетишкен",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.