Бүгүн, 31-октябрда 217 жүргүнчүсү менен Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан Орусия учагы Египеттеги Синай жарым аралына кулаган. Учурда Египеттин куткаруу тобу учак кыйраган аймактан 5 жаш баланын сөөгү табылганын чет элдик маалымат каражаттарына билдирди. Учакта жалпы 17 жаш бала болгон. Учурда куткаруу иштери улантылууда.
Буга чейин кабарлангандай, Шарм-эш-Шейх - Санкт-Петербург каттамы аркылуу учак абага жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:51де көтөрүлгөндөн кийин кайра 07:14тө байланыш үзүлгөн. Учак ичинде 217 жүргүнчүдөн сырткары 7 экипаж мүчөсү бар болгон.