Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан “Ала-Арча” ресторанынын шифер менен жабылган чатыры, ашкана бөлмөсү, от жагуучу бөлмөсү, жалпы 100 чарчы метр аянты күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Мындан тышкары Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында сарайдын чатыры, 2 тонна чөп, 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби аныктала элек. Ошондой эле Араван районунун Юсупов айыл аймагында Сары-Таш ашуусунун 7-чакырымында Дэу Матиз үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн. Өрттүн чыгышына электр жабдууларын техникалык куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.