Жарандар мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарын милицияга активдүү өткөрүшүүдө. Муну бүгүн, 2-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 30-октябрь күнү “Арсенал” аттуу рейддин жүрүшүндө Талас облусунун Жон-Арык айылынын 32 жаштагы тургуну Калашников автоматынын 5,45 миллиметрлик калибрдеги 21 огун тапшырган.
Ошол эле күнү Жайыл районунун 42 жаштагы жашоочусу 16-калибрдеги ок атуучу куралын тапшырган. Ушундай эле курал тапшыруу Сокулук районунда болгон. Анда 22 жаштагы М.А. аттуу жаран Чоң Чүй каналынын жанынан таап алган мылтыгын укук коргоо органдарына алып келип берген.
Белгилей кетсек, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз алдынча тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышпайт.