Аламүдүн районундагы Жеңиш көчөсүндө 30-октябрда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа кармалган. Баткен облусунун Лейлек районунун А.Б. аттуу тургунуна тиешелүү унааны тинтүү учурунда скотч менен оролгон 8 баштыкча табылган. Салмагы 4 килограмм 215 грамм болгон пакеттеги зат экспертизадан өткөндөн кийин анын героин экени аныкталган.
Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.