Ошто кутуруп кеткен ит төрт адамды тиштеп салып, алар ооруканага жаткырылышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 3-ноябрда билдиришти.
Маалыматка таянсак, Кара-Суу районундагы Учар айылында 1-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында кара түстөгү ит алдынан чыккан адамдарга жана иттерге кол салып, тиштеп кете берген. Анын кесепетинен Учар айылынан 3 адам жана Ош шаарынын аймагынан 1 адам жабыркаган. Мындан сырткары айылдын иттери да тиштелген. Учар айылынын жергиликтүү тургундары тарабынан ит өлтүрүлүп, аны ветеринардык лабораториядан текшергенде, иттин кутуруп кеткендиги аныкталган.
Кутурган иттен жабыркаган жарандар:
Учурда “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын мергенчилери тарабынан ит атуу иштери уюштурулуп, кутурган ит аралап өткөн көчөлөрдөн 17 ит атылып, жок кылынган. Ошондой эле Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан кутурма оорусу боюнча элге түшүндүрүү жана жолбун иттерди аттырып жок кылуу иштери улантылууда. Ветеринардык-санитардык эреженин негизинде кутурган ит өлтүрүлгөн жердин айланасындагы айыл чарба малдарын аталган ооруга каршы эмдөө жана залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык мамлекеттик көзөмөлдөө борбору тарабынан атайын топ түзүлүп, кутурма оорусунун алдын алуу максатында Жапалак айыл аймактык башкармалыгында эл арасында кутурма оорусу боюнча эпидемияга каршы иш-чараларын жүргүзүү менен санитардык агартуу иштери күчөтүлдү. Ош шаарынын №1-Үй-бүлөлүк медицина борборунун №6-филиалынын кызматкерлери тарабынан медициналык көзөмөлгө алынды.