Малайзияда дүкөндөн уурулук менен кармалган кыргыз жергесинин эки студент кызы мекенине депортацияланды

Малайзияда дүкөндөн уурулук менен кармалган кыргыз жергесинин эки студент кызы мекенине депортацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Малайзиядагы кыргыз жарандарынын бирикмесине шилтеме берүү менен АКИпресс жарыялады.

Маалыматка ылайык, Куала-Лумпур шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган Кыргыз Республикасынын 2 жараны дүкөндөн уурулук кылганы үчүн 24-октябрда малайзиялык полиция тарабынан колго түшүрүлгөн. Кыздар камакка алынып, жергиликтүү түрмөдө бир нече күн отурушкан.

Мындан тышкары аларга 2500 малайзиялык ринггит (42 500 сом) көлөмүндө айып пул салынган. Студенттердин уурулук кылганы жогорку окуу жайында белгилүү болгондо, алар окуудан айдалышкан. Андан соң кыргыз жарандары мекенине депортацияланышкан.

"Бул маалыматты жарыялоонун максаты - Малайзияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу. Малайзияга келчү студенттер же башка кыргыз жарандары жоопкерчиликти эч качан эсинен чыгарбашы зарыл",- деп жазылат кыргыз жарандарынын бирикмесинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
azimova90
2015-11-03 11:38:28
Колун сынгыр десе.
+7
Begimkyz
2015-11-03 12:25:51
Ии окуудан айдалганы жаман болуптур. Канчалаган жаштар ал жакта окуй албай жүрүшөт эхх. Эркек бала болсо бир жөн эле, кыздарга уурулук жаман адат го.
+1
maks1980bishkek
2015-11-03 12:27:11
Кашыктап чогулткан абройду челектеп эле тогуп салыптырда малайзияда
+2
Truelensk
2015-11-03 12:30:37
Ислам олкосундо сураса деле бермек карызга
+1
aizada.ru
2015-11-03 12:49:22
Эмнени уурдады экен.
0
Valley.of.the.Wolves
2015-11-03 12:56:36
Однодо бар бекен ?
-1
Pepichi
2015-11-03 13:05:08
Буларга да кыйында башка олкодо жашаш
-13
bosmos777
2015-11-03 13:25:37
Балким Кыргыздар эместир? Териштируу керек!!!
+1
zakukya
2015-11-03 13:26:51
Эми эле бардар деп окуюн десем кыздар дейт го, башкача болуп кеттим.
0
Mahabbat
2015-11-03 13:32:29
Жон эле журушпойбу дейм да, канчалаган студенттер Малайзияда окуганды каалашат булар болсо... эн жаманы окуудан айдалганы болуптур
+1
beast
2015-11-03 16:00:50
москвада уурулук кылып кармалган эки кыргыз кыз тууралу видео таралды
0
bema-krao
2015-11-03 18:22:10
Бир жагынан караганда жакшы студент маалында жаман адамдар экени билинди.Болбосо эрте окуу жайды бутуп келгенден кийин бир жерде иштеп калса адамдарды алдап акча тапмак беле ким билет.
0
dosym
2015-11-03 18:56:46
уюштурулган болушу мүмкүн
0
avtogrand
2015-11-04 01:41:25
уялбай кыргызстанга келип турмуш курат эми.
0
Sharipa-asia
2015-11-05 03:00:36
Олуп эле калбайсынарбы,уят эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан