Экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн издөөгө алынган Орусиянын жараны колго түштү. УКМКнын маалымат кызматынан 3-ноябрда билдиришкендей, 30-октябрда УКМКнын органдары тарабынан терроризмге жана экстремизмге каршы ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 1991-жылы туулган О.А. аттуу Орусиянын жараны Чүй облусунда колго түштү. Ал экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонгону үчүн кармалды.
Анын жанынан эл аралык террордук уюмга тийиштүү болгон, экстремисттик мүнөздөгү, тыюу салынган пропагандалык сүрөт, көрмө жана башка материалдар табылып, процессуалдык түрдө алынды. Кармалган адам козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынды.