ЭЛДИК КАБАР: Тоңдо мектеп окуучулары боз үйдө окуганга мажбур болушуп, суук түшкөндүктөн кыйналышууда

"2015-окуу жылынын башталышы менен Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Т.Мырзамамбетов атындагы мектептин имараты керектен чыгып, окуучулар боз үйдө окуп жатышкан эле. Эми суук түшкөндө айыл өкмөтү уялган окшойт, балдарды айылдагы Маданият үйүнө киргизиптир. Эң кызыгы, аталган мектептин курулганына 10 жыл боло электе керектен чыккан. Мугалимдердин арызын уккусу келген киши жок. Өкмөт шайлоо деп жүрүп эсинен чыгарып койгонбу..."- деген нааразычылыгын окурман бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Мектептин ордуна боз үй
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Asema89
2015-11-03 17:45:14
Бетим ай, уят. Эмне мынча мурдагы заманга кетип баратабыз. Билим беруу министрлигине АЛКЫШ болсун.
+4
Ainagula
2015-11-03 17:46:51
Жаны келген депуттаттар, креслого келем деп нечен деген акчанарды талаага чачпай мектеп салып берип койсонор мындай иш болбойт эле.
+3
Geroy
2015-11-03 17:48:00
Кыргызстанда эмне коп мечит коп. Мечиттин ордуна мектеп больница курсанар боло.
0
ediko85
2015-11-03 19:18:32
Geroy, туп туура айттын мечит куруп мактанганча мектеп курса колунан келгендер кобуроок соопболсо керек намазды уйдо деле окуса болот
0
Aipri
2015-11-03 17:50:40
Депутаттар бутунар баскан килемди алмаштыргандынордуна, мектеп куруп берсенер болмок. Боорум ооруду. Суукта кантишет.
+4
Gulya21
2015-11-03 19:31:58
Ошол мектепти чондор куруп бериш керек шайлоо жакындаганда бизди шайлагыла деп акча бериштиго Ошо акчаларына мектеп куруп беришсе болбойбу
+2
omuke8993
2015-11-03 20:01:56
bizdin chondordun baaryn jyiyp bir avtobuska salyp sibirge alyp baryp salyw kerek tazalanyw kerek kyrgyzym elin mintip kyinalyp suukta boz uido okup jatsa chondorun jantalawyp mandat boluwalbai jurgonun exx kyrgyz kachan onolot
+4
TemirBekov_7
2015-11-03 21:48:44
Тогуз булактын мектебиби ?
0
Guljamal_2116
2015-11-04 00:09:59
Уят!!!21чи кылымда Боз уйдо билим алуу,бул Кыргызстандын эч канча алдыга жылбагандын далили.Отоплениеси бар жакшынакай мектеп экен,оз убагында ремонт кылып турса,мындай болмок эмес.Суук тушкончо диретор оозун ачып кайда,эмне иш бутурду?Айыл окмотту которгула боз уйго,билишсин балдардын кандай удобстводо билим алып жатканын.
+2
nazima_89
2015-11-04 08:40:56
Он жылга жетпей керектен чыккан болсо салган компаниянын да ишин караш керек экен мектептин бул недеген жорук
+1
welldone
2015-11-04 09:01:09
Chyndap ele owol kim kursa da owolordu kaira saldyryw kerek
+2
Diana87
2015-11-05 09:35:56
Билим беруу министри, боз уйду мектеп кылып билим алып жаткандарды коруп, бетиниз кызарган жокпу.
+1
Janysh95
2015-11-05 09:37:39
Бугун биз 21 кылымда жашап жатканыбызга ишенбей кеттим. Боз уйдо кайсы бир кылымда кыргыз жашаган. Жылуу креслодо олтургандар козунорду чон ачкыла.
+1
Aipri
2015-11-06 13:09:01
Уят, биздин мамлекетке. Дагы уялбай парламентте тил суйлоп жатамсынар. Тез арада бул балдардын мектебин чечпесенер, силерге уят.
+1
Konchay
2015-11-06 13:12:37
да ну. мектеп жок боз уйго окумайбы.
+1
Janela
2015-11-07 16:41:49
Мындай корунушторго коз жумуп коюп журо берсек. Эртенки куну мектеп койгойу биздин да башыбызга келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан