Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан "Финанскредит банкынын" чатыры түтөгөн. Өрттүн пайда болушунун себеби такталууда.
Мындан тышкары Сокулук районунун Сокулук айылында дарыкананын ички шыбы күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.