3-ноябрда саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында короодогу шлакоблоктон тургузулган тосмо кулады. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тосмо кулап, 1976-жылы туулган аялды басып калган. Куткаруучулар аны алып чыгып, "Тез жардам" кызматкерлерине тапшырышкан. Дарыгерлер жабырлануучунун буту сынганын аныкташты.