Талас облусундагы Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын жооптуу адамдары алдоо жолу менен Козучак-Арашан-Талас унаа жолун оңдоого бөлүнгөн 35 миң сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, аталган жарандар жергиликтүү чиновниктер менен көмүскө бүтүм түзүп, расмий документтерге жалган маалыматтарды жазып, М.А. аттуу жаранга 5 гектар жер тилкесин 49 жыл ижарага жана 5 гектар жер тилкесин 7 жыл ижарага бөлүп беришкен.
Текшерүү амалдарынын жыйынтыгында Талас райондук прокуратурасы "ишенип берилген мүлктү өздөштүрүү жана жок кылуу", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "жер мыйзамын бузуу", "кызматтык алмаштыруу" беренелеринин негизинде 2 кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө уланууда.