"Токтотулган автоунаанын ичинен 8 миң сомдук уюлдук телефон уурдады" деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте “унаанын ичинен уюлдук телефон уурдады” деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына борбор калаанын Жал кичи районунун жашоочусу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн жанына токтотулган Мицубиси үлгүсүндөгү унаасынан белгисиз адамдар 8 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишкен.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы С.Дамир аттуу тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2015-11-04 11:37:22
ulik-89 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан