6 күн мурун, 30-октябрда Кантта үйүнөн чыгып, кайра келбеген 16 жашта Ефим Соколов изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Баланын белгилери: бою 175 сантиметр, арык чырай, чачы сары, оң колунда карышкырдын башы тартылган татуировкасы бар. Өспүрүм тууралуу маалыматты милицияга (0312) 61-69-07, (0 701) 23-00-33 телефон номурлары аркылуу билдирүү керек.