Бишкекте тоноо боюнча шектелип 17-20 жаштагы балдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Свердлов райондук милициясына Бишкектин 21 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын билдиришинче, 2-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Жибек-Жолу менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 4 адам ага күч колдонуп, 3 уюлдук телефонун жана акча каражатын алып кеткен.
Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен бир сутка ичинде бул кылмышка шектүү катары 1995-1998-жылдары туулган балдар кармалышты. Учурда "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган балдардын буга чейинки кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенүүдө.